КРнын Генералдык прокуратурасы "Бизнес коргоо" мобильдик тиркемесин иштеп чыкты

Комфорттуу инвестициялык климатты түзүү жана инвесторлордун ишенимин арттыруу максатында Генералдык прокуратура "Бизнес коргоо" мобильдик тиркемесин иштеп чыкты. Бул тиркеме мамлекеттик орган тарабынан ишкерликтин тармагына негизсиз аралашуусун токтотуу максатын көздөйт, аталган маалыматтарды ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Бул тиркеме ишкерлерге мамлекеттик структуралар тарабынан жүргүзүлгөн туура эмес текшерүүлөр жана басымдар жөнүндө прокуратурага мурдагыдай түздөн-түз билдирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, колдонуучулар мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө маалымат берип, фотосурөт жана видеоматериалдарды тиркелей алышат.
"Бизнес коргоо" мобилдик тиркемеси ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн күчтүү инструмент болуп саналат.
Тиркемени жүктөп алуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу орусча өтүңүз: https://prokuror.kg/security/ru.
Обсудим?
Смотрите также: