Нарын облусунда балдар бакчасынын имараты жана жеринин мыйзамсыз өткөрүлүшү аныкталды
"Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүндө жайгашкан Кара-Кунгой айылында 1 145 чарчы метр аянты бар балдар бакчасынын имараты жана ага жакын жер участогу мыйзамсыз өткөрүлгөн. Аталган чаралардын натыйжасында 1 миллион 250 миң сомдук имарат жана жер участогу мамлекеттик менчикке кайтарылды," - деп айтылат билдирүүдө.
Сүрөт: КР Генералдык прокуратурасынын пресс-кызматы.
Мындан тышкары, Жумгаль районунда А. Омуралиев атындагы 26-өндүрүш лицейинин кызматкерлери расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, аталган лицейде окубаган жети окуучуга мыйзамсыз сертификаттарды беришкен. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясында "Кызматтык жалган" боюнча кылмыш иши козголуп, иш Жумгаль районунун ички иштер органдарына тергөө үчүн өткөрүлдү," - деп билдирди пресс-кызматтагылар.
Обсудим?
Смотрите также: