РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Алдамчылыкка каршы күрөшүү. КР Улуттук банкы шектүү эсептерди бөгөйт
Саясат

Алдамчылыкка каршы күрөшүү. КР Улуттук банкы шектүү эсептерди бөгөйт

114
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдамчылыкка каршы күрөшүү алкагында шектүү эсептерди 30 күнгө чейин бөгөттөөнү караган мыйзам долбоорун даярдаганын билдирди. Бул тууралуу НБ КРнын орун басары Бектур Алиев Жогорку Кенештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маалымдады.

Алиев билдиргендей, бул инициативанын коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана төлөм системаларынын өкүлдөрү менен макулдашылган, алар сунушталган мөөнөттү колдошуптур.

«30 күн — тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн оптималдуу мөөнөт. Бул убакытта конкреттүү эсеп боюнча бардык териштирүүлөр аякталууга тийиш», — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору бардык банктарга жана микрофинансылык мекемелерге алдамчылык аракеттерин аныктоо жана алдын алуу үчүн «Антифрод» системасын киргизүү талабын камтыйт.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК