ЖК цифралдык сомдун статусу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды
Бул мыйзам долбоорлорунун демилгечиси Министрлер кабинетинин жетекчиси.
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов аталган мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат берди.
Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун максаты улуттук санариптик валюта «санариптик сом» боюнча прототиптин пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле укуктук негиздерди түзүп, анын статусун аныктоодон турат.
Санариптик сомдун юридикалык статустары жетиштүү деңгээлде ылайыктуу техникалык платформаны тандоодон жана прототиптин тестирлөөсү менен пилоттук ишке киргизүүнүн ийгиликтүү аякташынан көз каранды экенин белгилөөгө болот. Мындан тышкары, продуктивдүү режимге өтүү боюнча чечим кабыл алуу зарыл.
Жогоруда айтылганга байланыштуу, мыйзам долбоорлору 2027-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кириши сунушталууда.
Обсудим?
Смотрите также: