РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Суу камсыздоо жана үч шаардагы тазалоо курулуштарына ЕБРР 17 миллион евро берет
Саясат

Суу камсыздоо жана үч шаардагы тазалоо курулуштарына ЕБРР 17 миллион евро берет

225
Кыргызстандын үч шаарындагы суу камсыздоо жана тазалоо курулуштарына Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан 17 миллион евро бөлүнөт. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан биринчи окууда оң баа алды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесине ылайык, жалпы суммасынын 7,6 миллион евро 15 жылдык мөөнөт менен, карызды кайтарууда төрт жылдык кечиктирме менен берилет. Проценттик ставка жылына 1% жана Еврибортун ставкасы кошулат. Калган 9,4 миллион евро грант түрүндө берилет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра өңдөө өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев, бул каражаттар таза ичүүчү сууга жетүүгө жана Шопоков менен Кемин шаарларында канализация системасын оңдоого, ошондой эле Талас шаарында тазалоо курулуштарын жаңылоого пайдаланылары жөнүндө билдирди.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК