РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Селдерди алдын алуу: Нарзан айылдык аймагында 700 метр арыктар тазаланды
Коом

Селдерди алдын алуу: Нарзан айылдык аймагында 700 метр арыктар тазаланды

213
13-мартта Чүй облусундагы Московский районунда орун алган Нарзан айылдык аймагында райондук командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.

Бул маалыматты айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев берди.

Селдин агымдарын алдын алуу чараларынын алкагында Ак-Суу айылында түштүк тарабындагы 700 метр ички арыктар тазаланды.

Машыгууларга райондун биринчи орун басары Улан Садалиев, ошондой эле райондук МЧС, РОВД кызматкерлеринин жетекчилери, жергиликтүү ишканалардын жана мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик жарандык коргонуу системасынын башкаруу органдары менен биргеликте командалык-окуу штабы түзүлдү. Быйылкы жылдагы селдерди, суу ташкындарын, жер көчкүлөрүн жана башка табигый кырсыктарды алдын алуу чараларына көңүл бурулду, - деп белгиледи И.Өскөмбаев.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК