РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Кадамжай районунда, 60 млн сомго зыян келтирген эки ирет өрт чыккан базарда машыгуулар өткөрүлдү
Окуялар

Кадамжай районунда, 60 млн сомго зыян келтирген эки ирет өрт чыккан базарда машыгуулар өткөрүлдү

337
Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылдык аймагында жайгашкан «Баяман баатыр» базарында МЧС кызматкерлери тактикалык өрт өчүрүү көнүгүүлөрүн өткөрүштү.

Бул иш-чарага өрт контролдоо кызматкерлеринин өкүлдөрү жана №76 өрт бөлүмүнүн жеке курамы, ошондой эле оперативдик жардам бригадалары жана электр тармак компаниясынын кызматкерлери катышты. Бул бардык өзгөчө кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берди.

Өткөн жылы «Баяман баатыр» базарында эки ирет оор өрт кырсыгы болгонун эсиңиздерге сала кетели, анын натыйжасында жалпы зыян 60 миллион сомду түздү.

Жогоруда белгиленген окуяларга байланыштуу, көнүгүүлөр учурунда өрт коопсуздугу боюнча маселелерге басым жасалды. Администрация жана сатуучулар үчүн көрсөтмөлөр өткөрүлүп, негизги сактануу чараларына көңүл бурулду.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК