Араван районунда мамлекеттик желекти жана ак калпак күнүн белгилешти
3-мартта Араван районунун борбордук аянтында мамлекеттик туунун күнү жөнүндөгү майрамдык иш-чаралар өтүп, 5-мартта ак калпак күнүндө белгиленди.
Иш-чарада Араван районунун мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары А. Ахматов, аппараттын өкүлдөрү, жергиликтүү мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары жана райондун тургундары катышты.
Расмий бөлүмдө Ахматов бары-жоокторду бул маанилүү күндөр менен куттуктап, мамлекеттик туунун көз карандысыздыктын символу экенин, ал эми ак калпак кыргыздардын атамекенден калган баалуу мурасы экенин белгиледи.
Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары райондун борбордук көчөсүндө парад өткөрүшүп, маданият кызматкерлеринин даярдаган кичинекей концерттик программасы болду.
```
Обсудим?
Смотрите также: