Ысык-Ата районунда Мамлекеттик желек жана ак калпак күнүн белгилешти
Райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына ылайык, 5-мартта Маданият үйүндө ак калпакка арналып салтанаттуу иш чара болуп өттү. Иш чаранын алкагында район жана шаар тургундарын куттуктоо үчүн Ысык-Ата райондук администрациясынын башчысы Эрмекбай Омошев жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев сөз сүйлөштү.
Иш чаранын катышуучулары бул күн Майылган 29-июнь 2016-жылдагы Жогорку Кеңештин токтому менен белгиленгенин, улуттук баш кийимдин маанилүүлүгүн баса белгилөө, салттарды улантуу жана кыргыз маданиятына болгон сыймыкту кайра жандандыруу максатында уюштурулганын айтышты.
Ошондой эле, 3-мартта Ысык-Ата районунда Мамлекеттик желек күнүнө арналган атайын майрам болуп өттү. Мамлекеттик желек райондук администрациянын имаратынын алдына көтөрүлүп, биринчи орунбасар Н. Исаева жана Кант шаарынын мэри Майлибашев чогулган тургундарды куттуктады.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилгенин белгилеп өтүү керек.
Жакында, 2023-жылдын 22-декабрында Президент Садыр Жапаров өлкөнүн желегин өзгөртүү жөнүндө мыйзамга кол койду.
Обсудим?
Смотрите также: