12-жылдык системага өтүү. Министрликтин жакынкы пландарын айтып беришти
Пресс-кызматтын маалыматы боюнча, бул реформа алкагында төмөнкү кадамдар каралган:
- 12 жылдык билим берүү үчүн жаңы билим берүү стандарттарын түзүү;
- мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жаңы модулдарды киргизүү;
- мугалимдерге кызматтык методикалык колдоо көрсөтүү (методикалык борборлордун реформасы);
- илим берүү мекемелерин заманбап окуу китептери менен камсыздоо — 2,5 миллион нуска, 744 миллион сомдук сумма;
- мектептерде билим берүүнүн сапатын мониторингдөө (билим берүү сапаты боюнча жаңы департаментти түзүү жана PISA-2025ти ишке киргизүү);
- окуучулардын жарандык тарбиясын чыңдоо — аң-сезимдүү жоопкерчиликти, толеранттуулукту жогорулатуу жана билим берүү мекемесинин жашоосунда активдүү катышуу.
2025/26 окуу жылына жаңы демилгелер каралганын белгилей кетүү керек. Атап айтканда, кээ бир окуучулар классты өткөрүп жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, ал эми мектепке даярдык курстарынан өткөндөр биринчини өткөрүп, дароо экинчи класска кабыл алынат.
Обсудим?
Смотрите также: