РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » 12-жылдык системага өтүү. Республика боюнча 163 миңден ашык окуу орундары жетишпейт
Коом

12-жылдык системага өтүү. Республика боюнча 163 миңден ашык окуу орундары жетишпейт

289
2024-жылдын жазында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярдыкты текшерүү максатында изилдөө жүргүздү. Текшерүүгө билим берүү мекемелериндеги орундар, ошондой эле жетишпей жаткан орундар эсепке алынды.

Мектеп, кошумча билим берүү жана сырткы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова билдиргендей, изилдөө 2 миң 111 мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелерин камтыган.

Алардын ичинде 1 миң 534 мектепте 488 миң 838 бош орун катталды.

Муну менен катар 577 билим берүү мекемесинде 163 миң 119 орун жетишпейт.
«Эң чоң кыйынчылыктар Бишкек жана Ошто, ошондой эле Джалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында байкалууда. Кошумча орундарды түзүү маселеси жергиликтүү бийликке жана райондордун администрацияларына жүктөлдү», — деп белгиледи Солтогулова.
Ошондой эле Физика, химия жана биология бириктирилип, 1-класстан баштап окутулат

Окуу жылдын башында өлкөдө 2 миң 377 мектеп (анын ичинде 2 миң 173 мамлекеттик жана муниципалдык, 204 жеке) иштеп, анда болжол менен 1,5 миллион окуучу билим алууда.

12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө 2025/26 окуу жылы үчүн билим берүү процессинде бир катар жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Алардын ичинде окуучулар класстарды өткөрүп кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ошондой эле мектепке даярдык курсун аяктаган балдар биринчи классты өткөрүп, бирден экинчи класска кабыл алынышат.

Жаңы концепцияга ылайык, билим берүү баскычтары үч деңгээлге бөлүнөт:


  • башталгыч мектеп — 1-6 класстар,

  • негизги мектеп — 7-9 класстар,

  • орто мектеп — 10-12 класстар.

0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК