РУС
Акыркы жаңылыктар » Билим берүү » Билим министрлигинин бир топ кызматкерине катуу эскертүү берилди, бирөө кызматтан бошотулду
Билим берүү

Билим министрлигинин бир топ кызматкерине катуу эскертүү берилди, бирөө кызматтан бошотулду

351
Билим жана илим министрлигинин кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууда кемчиликтер үчүн, кызматтык командировкаларды максатсыз пайдаланганы жана иш пландарын натыйжалуу жүргүзбөгөнү үчүн жаза берилди.

Президент администрациясынын коллегиясында мектептердеги 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жана өзгөчө статусу бар жогорку билим берүү уюмдарынын, анын ичинде англис тилинде билим берүүнүн көйгөйөлөрү боюнча эки негизги маселе каралды. Ошондой эле кадр жетишсиздиги, лицензиялоо жана аккредитация боюнча маселелер талкууланды.

Дисциплинардык чаралар төмөнкү кызмат адамдарына колдонулду:

– Билим жана илим министри Догдуркуль Кендирбаевага ого бетер эскертүү берилди;

– Билим министринин орун басары Лира Самыкбаевага катуу эскертүү берилди;

– Билим министринин орун басары Расул Абазбек уулу кызматынан бошотулду.

Ошондой эле билим жана илим министрлигинин кызматкерлерине дисциплинардык чаралар колдонулду:

– Окуу, тышкы окуу жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуевге катуу эскертүү берилди;

– Бала-бакча билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова да катуу эскертүү алды;

– Лицензиялоо секторунун убактылуу жетекчиси Д.Алибаева өзүнүн ээлеген кызматынан бошотулду;

– Жогорку, орто кесиптик жана жогорку мектептен кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Исираилова да катуу эскертүүгө тартылды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК