Билим министри 12 жылдык окуу системасына өтүүнүн негизги себептерин атады
Анын пикирине караганда, негизги проблема өлкөдөгү билим берүүнүн төмөнкү сапаты болуп саналат.
«2005-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстан PISA изилдөөсүндө акыркы орундардын бирин ээлеген. Пандемияга чейин НООДУ изилдөөсү жүргүзүлүп, 64%дан ашуун балдардын математикалык жөндөмдөрү жок экени белгилүү болду. Биздин бүтүрүүчүлөр иш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп бербейт», - деп билдирди Кендирбаева.
Ал жаңы система киргизүү боюнча иштер буга чейин башталып, бирок пандемия себептүү токтотулганын кошумчалады.
«Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 12-жылдык билим берүүгө өтүүнү кайра баштадык. Тийиштүү нормативдик укуктук актылар кабыл алынып, билим берүү системасын трансформациялоо үчүн «Алтын казык» программасы иштелип чыкты», - деп айтты министр.
Обсудим?
Смотрите также: