Кыргызстанда авто кузовдорун алты айга киргизүүгө тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн
Бул сунуш президенттин авто транспорт каражаттарын легализациялоо боюнча кабыл алган указына ылайык иштелип чыккан.
Бул долбоордун негизги максаты — жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу, автокөлүктөрдү сатып алуу процессин ачык кылуу, ошондой эле чет элдик мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарынын адилеттүү ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо.
Теманын улантысы
Чет элдик номерлери бар автомобилдерди легализациялоонун баасы 102 миң сом болот
Негиздеме кагазында "конструкторлор" деп аталган, тийиштүү бөлүктөрдөн жана агрегаттардан чогултулган автомобилдердин мыйзамсыз колдонулганы тууралуу учурлар бар экени көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасындагы учурдагы укуктук нормалар мындай транспорт каражаттарын белгиленген тартипте каттоого мүмкүнчүлүк бербейт.
Бул тыюу Кыргызстанда авто өндүрүшүнө жана чогултууга арналган кузовдорго тиешелүү эмес, аларды "ДТ Техник", "Транснационалдык корпорация 'Шумкар'", "Кытай-Кыргыз биргелешкен автомобиль өндүрүш компаниясы 'Жису'", "Шунфа", "Мурат Авто", "Кыргыз Унаа Курулуш", "Меридиан Голд" компаниялары импорттоп жатат.
Обсудим?
Смотрите также: