РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » 2025-жылы өлкөгө киргизилген оң рулдуу автоунааларды легалдаштырууга жол берилбейт
Саясат

2025-жылы өлкөгө киргизилген оң рулдуу автоунааларды легалдаштырууга жол берилбейт

221
2025-жылы өлкөгө киргизилген оң рулдуу автоунаалар легалдаштырууга жатпайт. Бул тууралуу Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо агенттигинин заместителдиректори Бакытбек Шералиев «Биринчи радио» эфиринде билдирди.
Темага байланыштуу окуңуз
Чет элдик номерлери бар автоунааларды легалдаштыруунун чыгымы 102 миң сомду түзөт
Ошентип, легалдаштыруу үчүн 2024-жылы 31-декабрга чейин республикага киргизилген транспорт каражаттары гана легалдаштырылат.

«Урматтуу жарандар, оң рулдуу автоунааларды заказ кылбаңыздар. Сиздер аларды легалдаштырууга мүмкүнчүлүк албайсыздар жана акчаларыңызды текке кетиресиздер», — деп баса белгиледи Бакытбек Шералиев.

Ошондой эле, 1-марттан баштап оң рулдуу жана чет элдик номерлери бар автоунааларды легалдаштыруу процессинин башталышы күтүлүүдө. Бул процедура үч этапта өтүп, ушул жылдын августуна чейин уланат.

Эскертет, Кыргыз Республикасынын «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына ылайык, оң рулдуу автоунааларды каттоо, эксплуатацияга мүмкүндүк берүү жана жол кыймылына катышуусуна тыюу салынган.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК