РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Бишкекте вебкам-студия уюштурганга шек саналган жаран кармалды
Окуялар

Бишкекте вебкам-студия уюштурганга шек саналган жаран кармалды

394
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери вебкам-студия уюштуруу боюнча шек менен 1995-жылы төрөлгөн Т.А. аттуу жаранды кармады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 11-мартта полицияга белгисиз учурларда интернет-платформалар аркылуу кыздарды вебкам-студияларга модел кылып иштеп берүүгө жогорку маяна убада кылып издеп жатканы тууралуу маалымат келип түштү.

Бул факт боюнча Кыргызстан Республикасынын Кылмыс кодексинин 160-статьясында (Жезөкшөлүктө тартуу) кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран убактылуу кармоо изоляторуна жатат.

Териштирүү уланууда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК