РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Милиция синтетикалык наркотиктерди таратууга шектелген адамды кармады
Окуялар

Милиция синтетикалык наркотиктерди таратууга шектелген адамды кармады

7
Шаардык ички иштер башкармалыгынын, наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсү менен күрөшүүчү кызматкерлери синтетикалык наркотиктерди колдонууда шектелген адамды кармады.

Басма сөз кызматынан алынган маалыматтарга ылайык, 14-февралда укук коргоо органдарына Исанов көчөсү менен БЧКнын кесилишинде синтетикалык заттарды таратуу жүрүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул боюнча тергөө органдары 282-беренеге (Наркотиктерди, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатуу максатында) ылайык кылмыш ишин козгогон.

Операциянын жүрүшүндө 2006-жылы туулган К.М. кармалган. Ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.

Тергеп-течтөө иштеринин жүрүшүндө кармалышкан адамда хаскулдарга окшош жыпар жыттык 20 бирдик зат табылган, жалпы салмагы 61 граммды түзгөн. Жаш жигит, бардык заттарды интернет-дүкөндөрдөн сатып алганын билдирди.

Учурда алынган наркотиктер экспертизага жөнөтүлгөн, тергөө уланууда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК