РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Кара-Суу шаарында киши өлтүрүүгө шектүү кармалды
Окуялар

Кара-Суу шаарында киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

328
Кара-Сууда өлүмгө шектүү адам кармалды.

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалыматындагыдай, 2-мартта жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө 40 жаштагы Кара-Суу жашоочусу Б.Н. белгисиз адамдын колунан катуу дене жаракаттарын алып, кийин ооруканада көз жумганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө процессинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери шектүүнү — 32 жаштагы Т.Ж. аттуу район тургунун кармашты. Учурда ал убактылуу камоочу жайда жатат.

Учурда зарыл болгон экспертизалар жана тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Шектүү
// Ош ОИИБ // Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК