Эмгек министринин орун басары: 600 миң кыргызстандык чет өлкөдө
Бүгүн пресс-конференцияда эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция боюнча орун басар министри Бакыт Дарманкул уулу Кыргызстандын 600 миңге жакын жараны азыркы учурда чет өлкөлөрдө жашап жатканын маалымдады.
Анын айтуусунда, мигранттардын саны боюнча эң көпчүлүгү Россияда. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын аягына карата миграциялык облуста 379 949 Кыргызстандын жараны каттоого алынган. Казакстанда алдын ала баа боюнча болжол менен 70 миң, Түркияда болсо 32 миң адамдар бар.
Ошондой эле, министрликтин маалыматына караганда, Америка Кошмо Штаттарында азыркы учурда 40 миңге жакын биздин мекендештерибиз, Түштүк Кореяда 17 миңден жогору, Германияда 15 миңдин тегерегинде, ал эми Бириккен Араб Эмирлигинде 10 миңден ашык Кыргызстандын жарандары жашап жатат», — деп кошумчалады ал.
Обсудим?
Смотрите также: