Учурда 600 миң кыргызстандык чет өлкөлөрдө

Бишкектеги пресс-коференцияда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу азыркы учурда 600 миң кыргызстандык чет өлкөлөрдө жашап жатканын билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктардын көбү Россияда жашайт. Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2024-жылдын аягына чейин миграциялык эсепте 379 949 кыргызстандык турат, Казакстанда болжол менен 70 миң, Түркияда болсо болжол менен 32 миң киши бар.
Ошондой эле, ведомствонун эсептөөлөрүнө ылайык, азыркы учурда АКШда 40 миңге жакын мекендештерибиз, Кореяда 17 миңден ашык, Германияда 15 миңге жакын жана Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңден ашык адам бар», — деп кошумчалады ал.
Обсудим?
Смотрите также: