83 миңден ашык кыргызстандык Россияда мыйзамсыздар реестрина кирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кайрадан өз жарандарына Россияда статусун жөнгө салууга чакырат
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Россиянын аймагында 83 миңден ашык жаран реестрде контролдонуучу адамдар катары каттоодо турат, бул болсо алардын мыйзамсыз негизде өлкөдө жүргөндүгүн билдирет.
Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлдөрү 27-февралда башка ТМД өлкөлөрүнүн адистери менен биргеликте Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча Башкармалыгынын башчысы В. Казакова менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун негизги темасы Россия Федерациясынын президентинин указын практикада колдонуу болду, ал миграциялык мыйзамды бузган чет өлкө жарандарга 2025-жылдын 30-апрелине чейин өз статусун легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.
В. Казакова ошондой эле 2025-жылдын 30-июнунан тарта Россиянын өкмөтү тарабынан кабыл алынган жаңы токтомду комментарийлөдү, анда чет өлкө жарандарын өлкөгө киргенден 72 саат мурда милдеттүү түрдө кабардар кылуу киргизилет. Ал баштапкы этабында бул процедуранын ыктыярдуу болуп каларын, ал эми кирүү жөнүндө чечимди чек арада кабыл алына тургандыгын белгиледи.
Россиялык бийиктердин маалыматына караганда, 2024- жылдың аягында 379 949 кыргызстандык миграциялык эсепке алынды, алардын 83 миңден ашыгы контролдонуучу адамдар реестрине кирет, башкача айтканда, РФда мыйзамдуу статусу жок экендиги көрсөтүлгөн. Тышкы иштер министрлиги, аталган тизменин ичинде турган кыргызстандыктарга жергиликтүү РФнын Ички иштер органдарына дароо кайрылып, статусун жөнгө салууну сунуштайт.
Сүрөт: www
```
Обсудим?
Смотрите также: