Кыргызстан жана Катар биргелешип туристтик иш чараларды өткөрүүнү пландаштырууда
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Доха шаарында Кыргызстандын Төтөнчө жана Толук ыйгарымдуу элчиси Марат Нуралиевдин Катардагы туристтик секторду жетектеген Саад бин Али Аль-Харджи менен жолугушуусу өттү.
Ал жерде эки өлкөнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандуму алкагында туристтик байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар эки мамлекеттин компаниялары катышкан биргелешкен туристтик иш-чараларды уюштуруу боюнча идеяларды да алмаштырышты.
Обсудим?
Смотрите также: