РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Бишкекте салттуу кол өнөрчүлүктөгү маданий туристтик продуктыларды түзүү боюнча конкурстун жеңимпаздары сыйланды
Коом

Бишкекте салттуу кол өнөрчүлүктөгү маданий туристтик продуктыларды түзүү боюнча конкурстун жеңимпаздары сыйланды

212
4-мартта Бишкекте 2024-жылдагы салттуу кол өнөрчүлүк жаатындагы маданий туристтик продукттарды түзүүгө арналган конкурсунун жеңимпаздарын сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу маалыматты Маданият министрилигинин басма сөз кызматы берди.

Иш чарага Маданият министринин орун басары Гульбара Абдыкалыкова, Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Ким Кванджэ, ошондой эле ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгельдиева жана маданий уюштуруу өкүлдөрү жана кол өнөрчүлдөр катышты.

Конкурс боюнча сыйлыктар эки негизги категорияда берилди:

- «Идея» – бул категория маданий туристтик продукттардын заманбап концепциялары бар долбоорлорду камтыйт, алар уникалдуулукка жана инновациялык учурларга басым жасап, туристтердин көңүлүн бурууга жөндөмдүү;

- «Даяр продукция» – бул жерде туристтик тармакта колдонууга даяр, толук формага ээ долбоорлор бааланды. Бул категория Кыргызстандын туристтик индустриясына оңой эле интеграциялоого боло турган долбоорлорго арналган.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК