РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Франциядагы кыргызстандыктырды жумушка орноштуруу маселесин Парижде Садык Шер-Нияз талкуулаган
Коом

Франциядагы кыргызстандыктырды жумушка орноштуруу маселесин Парижде Садык Шер-Нияз талкуулаган

228
Парижде, Европа жана тышкы иштер министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияздын политикалык департаментинин директору Брис Рокфел менен жолугушуусу өттү.

Кеңешүү учурунда тараптар саясат, экономика жана маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун тереңдөөсүнө маани беришти. Сүйлөшүүнүн негизги темасы экономикалык өз ара аракеттин кеңейиши болду, анын ичинде энергетика секторундагы биргелешкен долбоорлор, калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуу жана туристтик секторду өнүктүрүү.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандарын Францияда убактылуу жумушка орноштуруу маселеси талкууланды, бул багытта башка европалык өлкөлөрдүн жыйналган оң тажрыйбасын эске алуу менен.

Ошондой эле, май айында Франциянын тышкы соода министри Кыргызстанга келип, Бишкекте кыргыз-француз бизнес-форуму өткөрүлө турганы маалым болду.

Тараптар Франциянын Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу маселесин, анын ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу долбоорун жана «Үч чокусун» тоо лыжа курортун өнүктүрүүнү талкуулашты.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК