РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Министр Кулубаев Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун башчысы менен Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду талкуулады
Эксклюзив

Министр Кулубаев Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун башчысы менен Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду талкуулады

253
2025-жылдын 19-февралы күнү Кувейтке болгон расмий визитинин алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун (КФАЭР) Башкы директору Валид Шамлан Аль-Бахар менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жыйында министр Кыргызстанда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жараткан реформалар боюнча деталдуу маалымат берди. Ал ошондой эле кувейттик өнөктөштөргө Кыргызстан экономикасынын негизги секторлоруна, анын ичинде гидроэнергетика, транспорт, туризм жана логистикага инвестиция салууну карап чыгууну сунуштады.

Тараптар КФАЭРдин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жол куруу, энергетика жана инфраструктура тармагындагы жалпы долбоорлорду талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде фонду менен өз ара пайдалуу инициативаларды ишке киргизүүгө даяр экенин белгилешти. Валид Шамлан Аль-Бахар болсо сунушталган долбоорлорду изилдөөгө болгон кызыгуусун билдирип, активдүү кызматташууга даярдыгын айтты.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК