РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Опера жана балет театрынын сахнасында эл артисти Асель Бекбаеванын чыгармачылык кечеси өтөт
Коом

Опера жана балет театрынын сахнасында эл артисти Асель Бекбаеванын чыгармачылык кечеси өтөт

430
1-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында Жорж Бизенин «Кармен» гала-спектакли өтөт. Башкы ролду Кыргызстандын эл артисти Асель Бекбаева орундайт.

Театрдын адабий-драматургия бөлүмүнүн жетекчиси Елена Мягкова билдиргендей, сахнада Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Айбек Саралаев, эмгек сиңирген артист Айзирек Момунова, эл артисти Бактыбек Ыбыкеев, эмгек сиңирген артист Заира Раимбекова, Оксана Шутова, эл аралык конкурс жеңимпазы Глеб Ким жана башка аткаруучулар чыгышат.

Спектаклди эл артисти Рахатбек Осмоналиев башкарса, койгонун эл артисти Нурлан Асанбеков ишке ашырат. Башкы сүрөтчү болуп эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов чыгат, ал эми башкы хормейстердин милдетин эл артисти Карагул Тиленчиев аткарат.

Асель Бекбаева 20дан ашык престиждүү сахналарда, анын ичинде Искишехир, Айфон, Анталия, Адана, Мерсин, Стамбул, Анкара (Түркия), Түндүк Кипр Республикасы, Пекин, Чжанчжоу (Кытай), Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Саратов (Россия), Астана, Караганда, Алматы, Шымкент (Казахстан), Минск (Беларусь), Париж жана Страсбург (Франция) шаарларында чыгыш жүргүзгөн.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК