РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Опера жана балет театрында камералык музыка концерти өтөт
Коом

Опера жана балет театрында камералык музыка концерти өтөт

69
20-февралда А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында Малахит залында камералык музыка концерти өтөт.
Театрдын берген маалыматына ылайык, программасында Людвиг ван Бетховендин виолончель жана пиано үчүн №1 сонатасы, Луиджи Боккерининин виолончель жана контрабас үчүн алтынчы сонатасы, ошондой эле Джоаккино Россинидин ушул инструменттер үчүн дуэту сыяктуу композиторлордун чыгармалары болот. Ошондой эле Фрэнк Протонун контрабас жана пиано үчүн сонатасы жана Клод Дебюссинин виолончель жана пиано үчүн сонатасы аткарылат, программаны Дмитрий Шостаковичтин виолончель, контрабас жана пиано үчүн беш пьесасы аяктайт.
Программаны аткаруучу музыканттар ансамбли: виолончельде Гулкайыр Таалайбекова, контрабасда Соңкөл Алмасбек, пианодо Игорь Саранов ойнойт.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК