Классика сүйүүчүлөрү Бишкекте камералык музыка концертине чакырылат

Театрдан билдиришкендей, иш-чарада көрүүчүлөр Бетховен, Россини жана Шостакович сыяктуу улуу композиторлордун чыгармаларын угушат. Программада: Бетховендин виолончель жана фортепиано үчүн №1 сонатасы, Л. Боккерининин виолончель жана контрабас үчүн №6 сонатасы, Дж. Россининин виолончель жана контрабас үчүн дуэту, ошондой эле контрабас жана фортепиано үчүн Ф. Прото жана виолончель жана фортепиано үчүн К. Дебюссинин сонаталары, андан тышкары, Д. Шостаковичтин виолончель, контрабас жана фортепиано үчүн беш чыгармасы аткарылат.
Программанын аткаруучулары: Гулкайыр Таалайбекова (виолончель), Сонколь Алмасбек (контрабас) жана Игорь Саранов (фортепиано).
Обсудим?
Смотрите также: