Бишкек шаарындагы автобустардагы рейд: 3 жүргүнчү жазага тартылды
Шаардык мэриянын маалымат кызматынын маалыматына ылайык, иш-чараларга Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин кызматкерлер, Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү, ошондой эле МП «Бишкек шаардык транспорт», Бишкек ШИИБ жана «Тулпар» эксперттери катышты.
Өтүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, үч жүргүнчүгө 3 миң сомго тең келчү айыппул салынды.
Мэрияда укук бузуучулар айыппулду анын салынган датасынан баштап бир айдын ичинде төлөшү зарыл экенин баса белгилешти.
Андан тышкары, ушундай рейддер күн сайын өткөрүлөт.
Обсудим?
Смотрите также: