РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » 20 автобустун айдоочулары жол эрежелерин бузганы үчүн жумуштан кетирилди
Коом

20 автобустун айдоочулары жол эрежелерин бузганы үчүн жумуштан кетирилди

432
20 коомдук транспорттун айдоочулары жол эрежелерин бузгандары үчүн жумуштан алынган. Бул маалымат 17-февралда транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменттин директору Улан Бейшенбаев тарабынан өткөн жыйында айтылды.

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын маалыматына караганда, жыйында жол коопсуздугу, жолаочуларды ташуу боюнча так жүргүзүлүшү жана автобустарды токтото турган комплекстерде токтоо эрежелери талкууланган.

Улан Бейшенбаев айдоочулар жол эрежелерин так сактоого, белгиленген ылдамдыкты ашырбоого, жолаочулардын коопсуздугун камсыздоо жана өз автоунааларынын техникалык абалын көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин белгиледи.

Эрежелерди бузган айдоочуларга эскертүүлөр берилген.

Жыйынды жыйынтыктап, жол эрежелеринин сакталуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү керектиги тууралуу чечим кабыл алынды, ошондой эле коомдук транспорт секторунда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырма коюлду.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК