Бишкектин Ленин районунда чоңдорсуз түнкү сейилдеп жүргөн 15 өспүрүм аныкталды
Шаардык администрациянын маалыматына ылайык, бул иш-чаралардын максаты өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу болду. Рейдге муниципалдык администрация, Ички иштер башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Билим берүү башкармалыгы, МТУ, ошондой эле билим берүү мекемелеринин кызматкерлерлери, бекет жана үй комитеттеринин өкүлдөрү катышышты.
Рейддин жыйынтыгында ата-энеси же караганы жок 15 өспүрүм түн ичинде көчөдө жүргөнү аныкталды. 11 ата-энеге 74-берененин негизинде (административдик айыппулдар) протоколдор түзүлдү. Өспүрүмдөр ата-энелерине жана камкордоруна өткөрүлүп берилди, ошондой эле алар менен түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.
Профилактикалык рейддердин максаты — балдарды жана өспүрүмдөрдү түн ичинде көчөдөгү мүмкүн болгон коркунучтардан коргоо.
Маалымат үчүн, өспүрүмдөрдүн чоң кишинин коштоосуз коомдук жерлерде саат 22:00дөн 6:00гө чейин болушу тыюу салынат.
Обсудим?
Смотрите также: