РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Депутаттар кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкарууну жакташты
Коом

Депутаттар кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкарууну жакташты

107

Жобо биринчи окууда бекитилди


Бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасының Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтү ортосундагы макулдашууну ратификациялоого байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда кабыл алышты. Бул макулдашуу Бишкектеги Режеп Тайип Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасын биргелешип башкарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы жарандарын Түркияда медицина жана медициналык адистиктер боюнча окутууга байланыштуу 2024-жылдын 5-ноябрында Бишкекте кол коюлган.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинети жетекчиси болуп саналат.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин айтымында, макулдашуу Түркияда жылына 20 кыргыз дарыгерин даярдоону жана Кыргызстанда медициналык адистерди даярдоо боюнча билим берүү программаларын жакшыртууга жардам берүүнү камтыйт. Бул өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелерин башкаруунун жана каржылоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө багытталган.

Мындан тышкары, оорукананы биргелешип башкаруу мөөнөтү беш жылга узартылат, ал эми түрк тарап ар беш жыл сайын кошумча 32 миллион АКШ долларын бөлөт.

Сүрөт: www
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК