РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Жогорку Кенеш Жер кодексине өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды
Экономика

Жогорку Кенеш Жер кодексине өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды

263
- 13-февралда Жогорку Кенештин пленардык отурумунда депутаттар «КРнын Жер кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасындагы кээ бир мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окуу боюнча кабыл алышты.

Жаңы редакциядагы КРнын Жер кодекси мамлекеттин жана коомдук муктаждыктар үчүн жерлерди берүү жана которуу маселелерин тезирээк чечүүгө мүмкүндүк берген нормаларды камтыйт. Коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздук, ошондой эле энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана «жашыл» экономикага өтүү, калыбына келүүчү энергия булактарынан энергия өндүрүү, шаарлар жана айылдарда суу жана жер ресурстарын башкарууну жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташууда экологиялык көз караш жана экосистемалык кызматтарды мониторинг жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Жаңы Жер кодексинин негизги максаты - жер мыйзамдары боюнча бардык иштеп жаткан нормативдик укуктук актыларды бириктирүү, укуктук боштуктарды жана коррупциялык нормаларды жоюу, ошондой эле жердин түрлөрү жана айыл чарба жерлеринин типтерин пайдаланууну так бөлүштүрүү.

«КРнын Жер кодексин ишке киргизүү жана КРдагы кээ бир мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө» мыйзам долбоору мурда катталып калган жер участокторуна мамлекеттик коргоо укуктарын камсыз кылуучу жана жаңы кодекс күчүнө киргенге чейин пайда болгон жер пайдаланууга укуктарды жөнгө салуучу жоболорду дагы камтыйт. Мындан тышкары, эски укуктук документтерди жаңы бирдиктүү кадастрдык пландарга акырындык менен алмаштыруу каралган.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК