Кыргыз-түрк клиникасынын жетекчисин Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги дайындайт
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов аталган мыйзам долбоору боюнча маалымат берди.
Келишимге ылайык, жыл сайын Түркияда ар кандай медициналык адистиктер боюнча 20 кыргыз дарыгерин даярдоо пландаштырылууда. Алар студенттерди тандоо жана жумушка орнотуунун борбору (08УМ) аркылуу бөлүштүрүлөт. Мындан тышкары, Кыргызстанда дарыгерлерди жана адистерди даярдоонун окуу программаларын жакшыртуу боюнча колдоо көрсөтүлөт. Негизги максат – республикадагы коомдук саламаттыкты сактоо системасына кирген мекемелердин башкаруу жана финансына байланыштуу жаңы усулдарды өткөрүп берүү.
Оорукананы биргелешип башкаруу мөөнөтү ар бир беш жыл сайын узартылат, ал эми түрк тарап бул мөөнөттө $32 миллиондук кошумча бюджет бөлөт. Клиниканын жетекчиси Түркия тарабынан, анын үч орун басары Кыргызстан тарабынан дайындалат.
Мыйзам долбоору талкууланган соң, депутаттар тарабынан экинчи окууда жактырылды.
Обсудим?
Смотрите также: