Ош шаарында булганган абанын балдар жана аялдардын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөө
Кыргыз Республикасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун маалыматы боюнча, талкуунун жүрүшүндө медицинадагы мамлекеттик чыгымдардын жыйынтыктары анализденүүдөн өттү. Жыйындын катышуучулары медициналык кызматтарга жетүүнү жакшыртуу үчүн биринчи медициналык жардамга салынуучу инвестицияларды көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Урунттуу сунуштар арасында каржылоонун принциптерин өзгөртүү, профилактикалык медицинага көңүл буруу, дары-дармектерге жетүүнү жакшыртуу жана медициналык секторду натыйжалуу каржылоого өткөрүү боюнча сунуштар айтылды.
Ошондой эле абанын булгануусу жана анын ден соолукка тийгизген кесепеттери маселеси баса белгиленди.
ЮНИСЕФтин кеңешчиси Джей Тернер булганган абанын аялдарга жана балдарга тийгизген таасирин азайтуу боюнча планды сунуштап, Ош шаарында аталган маселени изилдөө боюнча пилоттук долбоор тууралуу айтып берди. Бул изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары 2025-жылдын апрелинде айтылат деп күтүлүүдө.
Ошондой эле жакында Бишкек дүйнөдөгү абанын булгануусунда биринчи орунду ээлегенин белгилөө керек. Ал арада, Табигый ресурстар министрлигинин өкүлдөрү булганууну өлчөө үчүн көптөгөн аспаптар тиешелүү стандарттарга жана техникалык талаптарга жооп бербей, так маалыматтарды камсыз кылбай жатканын айтып чыгышты. Кызматкерлер шаардагы түтүнүнүн деңгээли төмөндөгөнүн билдиришти.
Түтүн будун калыптандыруучу негизги факторлордун арасында өлкөдөгү унаалардын 85%ында катализаторлордун жоктугу, борбордун айланасында турак-жай массивдеринин өсүшү, туура эмес курулуш жана дарактарды кесүү белгиленип жатат.
Обсудим?
Смотрите также: