Саламаттык сактоо министри өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана донорлор менен жолугушту
Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалымат кызматынын маалыматы боюнча, аталган жыйын ДСУ жана Дүйнөлүк банктын биргелешип жетектөөсүндө өтүп, ар түрдүү эл аралык уюмдардын, донордук агенттиктердин жана чет өлкөлүк элчиликтердин 30дан ашык өкүлүн чогултту.
Иш-чаранын катышуучуларынын арасында Дүйнөлүк банктын, БУУ агенттиктеринин, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрүн, ошондой эле Швейцария жана Германиянын дипломаттарын, Ага Хан фондунун, Эл аралык Кызыл Жардам жана Кызыл Жарты ай коомдорунун федерациясынын (МККЖК), Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA), "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун, Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (TIKA), Түштүк Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана башкалардын адистерин белгилеп кетүүгө болот.
Жыйында министр Чечейбаев өзүнүн стратегиялык приоритеттерин айтып берди, донорлор жана өнүгүү партнёрлорунун өкүлдөрү өлкөнүн саламаттык сактоо секторун жакшыртуу үчүн техникалык жардам көрсөтүү боюнча сунуштарын берди.
«Саламаттык сактоо министрлиги эффективдүү партнерлук жана стратегиялык инвестициялар аркылуу саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө умтулат. Өткөн жыйын биздин партнёрлордун жана донорлордун маанилүү колдоосун тастыктап берди, алардын инвестициялары өлкөдөгү жарандардын саламаттык сактоо тармагындагы улуттук приоритеттерди ишке ашыруу үчүн критикалык маанилүү. Эмгектешип, биз Кыргызстандын бардык жарандарына арналган туруктуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо системасын кура алабыз», - деди Чечейбаев.
«ДСУ жана биздин партнёрлор Кыргызстандын калкынын саламаттыгын жакшыртууга умтулуп жаткан Саламаттык сактоо министрлигин колдоону улантууда. Бул жыйын саламаттык сактоо тармагындагы негизги көйгөйлорду чечүү үчүн пикир алмашууга, аракеттерди макулдашууга жана техникалык жардамды натыйжалуу координациялоого маанилүү платформа болуп саналат. Саламаттык сактоо секторун бекемдөө үчүн бардык партнёрлордун берилгендигин баалайбыз», - деди Ливиу Ведраско, Кыргызстандагы ДСУнун өкүлү.
Обсудим?
Смотрите также: