Маданият министрлигинде Кытай провинциясынын партиялык комитети менен кызматташуу маселелери талкууланды
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун негизги маселеси Кыргызстан менен Кытайдын маданий-гуманитардык мамилелерин тереңдетүү болду.
Жолугушууга катышкандар Хэйлунцзян менен түз байланыштарды түзүүгө көңүл бурду. Замминистри менен кытай делегациясы театр, музыка, кино жана сүрөтчүлүк өнөр тармагында биргелешкен долбоорлор боюнча мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле фестивалдар жана көргөзмөлөрдү уюштуруу, чыгармачыл топтордун гастролдорун талкуулады.
Ошону менен бирге, эки өлкөнүн чыгармачыл университеттери арасында студенттер жана мугалимдер алмашуунун мүмкүнчүлүктөрү каралып жатты.
Мындан тышкары, маданий мурастарды санариптештирүү, археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, элдик кол өнөрчүлүктү колдоо жана жоон топтун демилгелерин жандандыруу маселелери да талкууланды.
Обсудим?
Смотрите также: