Бишкек кургап жатат: борбордо 200 км арыктар талкаланган
Депутат Чингиз Айдарбеков Совет учурунда борбордун арык системасы жакшы иштеп тургандыгын жана бул шаарды туура жашыл көрүнүшкө ээ кылгандыгын эскертти.
Ал "Кээ бир райондордо арык эч жок. Сиздерде бул системаны калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча план барбы?" — деп суроо берди.
Жооп берип жатып, Рамиз Алиев ачык арык системасы өтө мурда шаар үчүн мүнөздүү болгонун моюнга алды. Ал учурда Бишкекте 410 км ички арак жана 90 км магистралдык канал бар экенин билдирди.
Вице-мэр акыркы беш айдын ичинде шаар мэринин буйругу боюнча арыктарды тазалоо иштеринин жүрүп жатканын белгиледи. Ал Аламедин дарыясынан 46 тонна таштанды чыгарылганын, Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери дагы улантылып жатканын, анда 25 тонна таштанды алынды деген маалымат берди. "Сиздер айткан талкаланып кеткен арыктар жалпы узундугу 410 км, алардын ичинен болжол менен 200 км начар абалда," - деп кошумчалады ал.
Ал ошондой эле шаар бюджетинде тазалоо иштерин жүргүзүү жана жаңы арыктарды төгө үчүн каражаттар каралганын айтты. Бул жылы 5 км жаңы арыктарды түзүү жана 18 км узундукта сугат системасын орнотуу пландалууда.
Обсудим?
Смотрите также: