РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Бишкекке 120 кондиционерлүү электр автобустар келет
Коом

Бишкекке 120 кондиционерлүү электр автобустар келет

89
2025-жылдын жай мезгилинде Бишкек 120 кондиционерлүү электр автобустарды алат. Бул тууралуу транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмү боюнча департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев шаардык кеңештин архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Мындан тышкары, быйылкы жылы Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы дагы 95 газ моторлуу автобус берүүнү пландаштырууда.

Учурда № 1 жана № 2 деполордо жаңы электр автобустар үчүн заряддоо станцияларын куруу жана капитальный ремонт иштери улантылып жатат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК