Жол фондунун директору фонддун каражаттары кандайча бөлүнөрү жөнүндө маалымат берди
Анын айтымында, каржылоонун бир нече негизги багыттары бар:
1) жалпы пайдаланууга берилген авто жолдордун долбоорлоосу, курулушу, тейлөөсү, оңдоосу жана реконструкциясы;
2) жолдорду куруу жана тейлөө үчүн керектүү машиналар, жабдыктар жана механизмдерди сатып алуу;
3) атайын программага ылайык жол кызматтары объекттерин өнүктүрүү, ошондой эле жалпы жолдордо транспорт каражаттарына техникалык жардам көрсөтүү;
4) тармакта мезгилдүү басылмалар чыгаруу, кызматтык адабият, китептер, пособия жана нормативдик-техникалык документация даярдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын транспорт жана байланыш боюнча ыйгарым укуктуу органга зарыл болгон маалымат бюллетендери жана окуу материалдарын даярдоо;
5) кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо;
6) илимий-техникалык изилдөөлөрдү өткөрүү;
7) жол чарбасын башкаруу жана администрирлөө, борбордук жана аймактык башкаруу органдарынын бекитилген бюджети чегинде тейлөөсүн камтыйт;
8) жол чарбасында социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
9) учурдагы мыйзамдарга ылайык келген жана ушул мыйзамдын жоболоруна каршы келбеген башка максаттар.
Обсудим?
Смотрите также: