РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Жол фондунда эсепте 246 млн сом бар, - Министрлик
Эксклюзив

Жол фондунда эсепте 246 млн сом бар, - Министрлик

379
- 2025-жылдын 4-мартында Жогорку Кеңештин транспорт, байланышка, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бахридин Шабазов Жол фонду боюнча пайдаланылбаган каражаттардын абалы тууралуу суроо көтөрдү.

Анын суроосуна жооп берип, транспорт жана байланыш министринин орун басары Бекназар Базаралиев учурда Жол фондунда 246 миллион сом бар экенин айтты.

Депутат курулуш, ремонт жана автожолдорду кармоо үчүн керектүү материалдарды убагында сатып алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бул учурда парламентте «Жол фонду жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу) талкууланууда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК