Кыргызстандан 2024-жылы Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө учуу боюнча бардык чектөөлөр алып салынды, - ГАГА
Комитеттин төрагасы Улан Примов Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдүн да Европа Биримдигинин «кара тизмесинде» бар-жоктугун сурады.
«Соңку жылдары ИКАОдан көптөгөн аудиттер жүргүзүлдү. Бул жылы Кыргызстан «кара тизмеден» чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда Борбордук Азиядан ушул тизмеде турган жалгыз өлкө Кыргызстан. Казакстан 2024-жылы Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө авиаперевозкалар боюнча чектөөлөрдү толугу менен алып салды», - деп белгиледи депутат.
Жыйынынын жүрүшүндө депутаттар Ырысбек Атажанов, Кубанычбек Самаков жана Улан Примов Кыргызстанды «кара тизмеден» чыгаруу боюнча учурдагы аракеттерге токтолушуп, көп жылдар бою жасалган аракеттердин натыйжасыз экенин билдиришти.
Обсудим?
Смотрите также: