РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Жогорку Кеңештин комитети КРдын «Полимер пленкалар жана пластик буюмдарды колдонууга чектоо» мыйзамына өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды
Эксклюзив

Жогорку Кеңештин комитети КРдын «Полимер пленкалар жана пластик буюмдарды колдонууга чектоо» мыйзамына өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды

149
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 7-апрелде Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отуруму өткөрүлүп, «Полимер пленкалар жана пластик буюмдарды колдонууга чектоо» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам сунушу биринчи окууда каралып, жактырылды.

Бул мыйзам долбоорунун авторлору депутаттар Марлен Маматалиев, Эльдар Сулайманов жана Дастан Бекешев.

Отурум учурунда депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын «Полимер пленкалар жана пластик буюмдарды колдонууга чектоо» мыйзамына, 2023-жылдын 9-августунда 177-номер менен кабыл алынган, айрым беренелерин жаңыртуу болуп, Евразия экономикалык биримдигинин 2014-жылдын 29-майындагы келишиминин талаптарына, ошондой эле «Пакеттин коопсуздугу» техникалык регламенти (ТР ТС 005/2011) талаптарына ылайык келтирүү болуп саналат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК