Сауд компаниясы Кыргызстанда $500 млнга күн энергия станциясын курмакчы
Энергия станциясы 900 МВт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет
Эр-Риядда Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов Fas Renewable Energy компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу Маркус Шрауф менен жолугушту.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Fas Renewable Energy ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөдөгү күн энергия станциясын куруу боюнча биргелешкен проекттер талкууланды.
Маркус Шрауф учурда Fas Renewable Energy менен Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Жашыл энергия фондунун ортосунда иштер жүрүп жатканын белгиледи. 900 МВт кубаттуулугу бар күн энергия станциясын куруу пландалууда, проекттин жалпы баасы $500 миллионду түзөт.
Сүрөт: www
Обсудим?
Смотрите также:

