Сауд компаниясы Кыргызстандын аймагында күн электр станциясын курууну пландаштырууда


Сауд Аравиясынын борбору Эр-Риядда Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов жана «Fas Renewable Energy» компаниясынын аткаруучу директору Маркус Шрауф катышкан кездешүү өттү.
Элчилик тарабынан берилген маалыматка ылайык, Кыргызстандын жана «Fas Renewable Energy» компаниясынын ортосундагы кызматташтыктын келечеги, ошондой эле республиканын аймагында күн электр станциясын куруу долбоорлорун ишке ашыруу талкууланды.
Элчи У. Марипов «Fas Renewable Energy» менен эки тараптуу мамилелерди бекемдөө боюнча өз ойлорун жана сунуштарын айтты, жана Саудияда өнөктөштөр менен энергетикалык байланыштарды өнүктүрүү Кыргызстандын үчүн артыкчылык багыт экенин баса белгиледи.
Маркус Шрауф болсо, учурда анын компаниясы жана Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Жашыл энергетика фондусунун ортосунда күн электр станциясын куруу долбоору боюнча ишти улантып жатышканын белгиледи, жүктөлүшү 900 МВт га чейин, долбоордун баасы 500 миллион доллар болушу пландалууда.
Обсудим?
Смотрите также:

