Кыргызстан жана Словакия кызматташтык келечегин талкуулады
Күн тартибинде эки тараптуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле 2025-жылдын апрель айында Кыргыз ССРинин аймагында түзүлгөн «Интергельпо» кооперативинин жүз жылдык юбилейине арналган иш-чаралар талкууланды.
Санжар Болотов Кыргызстан Словакия менен фармацевтика, машина куруу, жаңылануучу энергия жана туризм сыяктуу маанилүү секторлордо өнөктөш мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Роберт Кирнаг словакиялык тараптын бизнес кызматташуусун кеңейтүүгө даярдыгын билдирип, словакиялык ишкерлердин Кыргыз Республикасындагы экономиканын белгиленген тармактарында өз ара пайда ала турган кооперация мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө болгон кызыгуусун белгиледи.
Обсудим?
Смотрите также:

