Свердловская облустун өнөр жай жана технологиялар боюнча кызматташтыктын келечеги талкууланды
3-мартта экономика жана соода министринин орун басары Искендер Асылкулов Свердловская областынан келген делегация менен жолугушуу өткөрдү, аны губернатордун орун басары Василий Козлов жетектеди.
Делегациянын курамында аймактагы ири өнөр жай компанияларынын өкүлдөрү болушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Свердловская обласындагы компаниялардын кызматташтыгын механика, кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш, электр техникасы, кен казып алуу индустриясы жана медициналык жабдуулар сыяктуу тармактарда кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Мындан тышкары, өнөр жай секторунда кадрларды квалификациясын жогорулатуу маселелери да сөз болду.
Тараптар өнөр жай, билим берүү жана технологиялар тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошондой эле, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда бизнес байланыштарын орнотууга жардам берүүгө карата макулдашуу жетишилди.
Обсудим?
Смотрите также: