РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Анкарада Кыргызстандагы технопаркты куруу маселеси талкууланды
Экономика

Анкарада Кыргызстандагы технопаркты куруу маселеси талкууланды

142


Жакында Анкарада өткөн жыйын Кыргызстандагы технопаркты куруу маселелерине арналды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөргө Экономика жана соода министринин орун басары Искендер Асылкулов жетектеген Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү жана Түркиядагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлер катышты. Жыйында Түркиянын эң ири технопарктарынын бири, Bilkent CYBERPARKтын генеральный директору Фарук Иналтекин да бар болду.

Тараптар Кыргызстанда технопарк түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, анын билим берүү жана технологияларды өнүктүрүүдөгү ролуна басым жасашты, бул эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүшү керек. Жыйындын катышуучулары мындан аркы кызматташууга кызыктар экенин билдиришкен жана кийинки жыйын Кыргызстанда өткөрүлүшү боюнча макулдашышкан.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК