РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Ош шаарында $90 млнга калдыктардан энергия өндүрүүчү завод куруу пландалууда
Экономика

Ош шаарында $90 млнга калдыктардан энергия өндүрүүчү завод куруу пландалууда

474
Ош шаарында калдыктарды кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн завод куруу пландалууда.

Шаардык муниципалитеттен алынган маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Чинтин Хунань провинциясында жайгашкан Чанша шаарында болуп, экотехнологиялык заводду куруу жөнүндө негизги келишимге кол койгон.

Сапар учурунда шаардык мэриянын жетекчилиги «Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан.

Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ал эми курулуш жумуштары жакынкы айларда башталат.

Долбоордун жалпы сметасы 90 миллион долларды түзөт.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК