Ошто калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү завод курулат
Жумушчу сапарында Кытайдын Хунань провинциясында жайгашкан Чанша шаарына барып келген Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана анын орун басары Сонунбек Жунусбаев экологиялык жактан таза завод куруу боюнча алкактук келишимге кол коюшту. Бул завод Ош шаары үчүн калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү менен алектенет.
Мэриядан билдиргендей, делегация ошондой эле жеринен ООО «Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын иши менен таанышышты.
Учурда команда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгарууда. Курулуш иштери жакынкы айларда башталат деп күтүлүүдө.
Обсудим?
Смотрите также: